• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Ош шаарында үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорттор даярдалып жатат. Президент Садыр Жапаровдун ушул багыттагы тапшырмасын ишке ашыруу үчүн шаар мэриясы тийиштүү аракеттерин баштаган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта жалпы 146 гектар жерге өз алдынча жарандар тарабынан 800гө жакын мыйзамсыз үйлөр курулган. Учурда ар бир айылда мобилдик топтор түзүлүп, документтер даярдалууда.

Үйлөргө идентификациялык код, дарек берилип, мындан кийин тургундардын каттоого туруусуна жана турак-жайларын мыйзамдаштырууга жол ачылат.

Пикир

Оставить комментарий