• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу облустук штабдын отурумунда маалымдалып, район-шаар башчылары жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка ылайык, 13-май күнү өтүүчү Орозо Айт намазын мечиттерде гана окулуусун көзөмөлдөө керектигин айтты.

Анда аралык, санитардык талаптардын сакталышы жана коомдук коопсуздук каралат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облулусунда жалпы 690 мечит бар, анын 270инде жума намаз окулат.

Пикир

Оставить комментарий