• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунда саат 12ге карата шайлоочулардын 14%ы добуш беришти

Аймак 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Өзгөн районунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү өз нугунда өтүп жатат. Райондо саат 12:00гө карата шайлоочулардын 14%ы добуш беришти. Бул тууралуу Өзгөн аймактык комиссиясынын атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районунда 19 айылдык кеңеш, 1 шаардык кеңеш бар, район боюнча 104 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Жергиликтүү кеңешке добуш берүүчү шайлоочулардын жалпы саны 143 миң 295, ал эми референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны 140 808.

Мындан тышкары, ал Өзгөн районунда шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий