• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-майдан бери Ош шаарынын мэриясына ишканалардан, жеке ишкерлерден 3 миңден ашык кайрылуу болду – вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. 1-майдан бери Ош шаарынын мэриясына ишканалардан, жеке ишкерлерден 3 миңден ашык кайрылуу болду. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

"1-майдан баштап шаар мэриясына 3 миңден ашык мекеме-ишкана, жеке ишкерлер кайрылган. 1,7 миң жаранга уруксат кагаздарын берүү боюнча мэриянын атынан Ош шаарынын комендатурасына кат жолдодук", - деди ал.

Аны менен бирге ал, 1-майдан тарта кайсы тармактарга иштөөгө уруксат берилип жатканын айтып өттү.

"Химиялык, мунай газ өнөр жайы, машина куруу, жабдык жасоо, электр техникалык өнөр жай, тоо кен тармактарына, курулуш, сугат суу, таза суу жабдууларын, көпүрөлөрдү оңдоо, транспорт каражаттарын оңдоо жана жеке, мамлекеттик нотариустарга иштөөгө уруксат берилген. Дүңүнөн соода кылгандарга жеткирип берүү кызматы менен иштөөгө, чач тарач менен сулуулук салондоруна ишин баштоого уруксат берилди", - деди ал.

Аны менен бирге ал такси кызматтары да 1-майдан тарта иштеп баштаганын айтып, бирок баарына эле иштөөгө уруксат берилбей тургандыгын билдирди.

"Мен таксистмин дегендердин баарына эле уруксат жок. Атайын такси компанияларына иштөөгө уруксат берилүүдө. Ал эми өзүнчө такси болгон жарандарга азырынча уруксат жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий