• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев Баткендеги жаңы мал базардын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы муниципалдык мал базардын иши менен таанышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, муниципалдык мал базар куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан 1,5 га жер аянты бөлүнгөн.

Курулуш үчүн жергиликтүү бюджеттен 16 млн 900 миң сом жумшалган.

Натыйжада базардын айланасы тосулуп, бастырмалар орнотулуп, үстү жабылган. Ошондой эле малды жүктөп түшүрүүчү жайлар, санитардык өтмөктөр, трансформатор, жарыктандыруу, суу сактагычтар, административдик имараты курулган.

Курулуш иштери 2023-жылдын март айынан башталып, базар декабрь айында пайдаланууга берилген.

Мал базардын сыйымдуулугу 1000 баш майда мал, 500 баш бодо малды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий