• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн билдирди (видео)

Аймак 0


Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, мындан ары жерлерди гектарлап ээлеп алган "байлардын" жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде баары тартипке салынат.

"Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү ири соода борборлору курулат. Эки-үч сотых жерине кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди менчик катары бөлүп беребиз. Жылуу, таза жерде отуруп соода кыласыңар. Мунун бардыгын мамлекет жасайт. Эч кандай байлар, криминалдар бизди коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт", - деп баса белгиледи.

Ташиев чогулгандарга кайрылып, ири соода борборлорун куруп бүткүчө тиешелүү убакыт талап кылынарын айтты.

"Жаз келери менен бул багытта активдүү иштер башталат. Кудай буюрса, алгачкы соода борборлору быйыл күзгө чейин бүткөрүлөт. Талкаланган жерлерди бошотуп, аларды иретке келтирип, тиешелүү жумуштарды аягына чыгаруу үчүн кеминде эки жылдай убакыт керек", - деди УКМК башчысы.

Пикир

Оставить комментарий