• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткен облусунда 177 үйдүн пайдубалы түптөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам ураган инфраструктураларды калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин кызматкерлери 177 турак жайдын пайдубалын куюп жатышат, анын ичинен 164ү Баткен районунда, 13ү Лейлек районунда.

“138 үйдүн фундаментин түптөө иштери бүттү. Анын ичинде 103ү Баткен районунда, 35и Лейлек районунда.. 27 үйдүн дубалдарынын курулушу жүрүүдө Баткен шаарында 1, Баткен районунда 26”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 үй тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй жабыркаган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж. Ал эми 11 административдик, стратегиялык, 27социалдык объект, 335 сарай 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий