• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Айнуска Калил кызы Казакстанда өткөн эл аралык жарым марафондо жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Айнуска Калил кызы Казакстанда өткөн эл аралык жарым марафондо жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Казаксандын Түркстан облусунда 30-октябрь күнү эл аралык марафон өтүп, ага Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Айнуска Калил кызы жана Гүлшаной Сатарова катышты.

Жарым марафондо 1 саат 14 мүнөт 8 секунд жыйынтыгы менен Айнуска Калил кызы 1-орунду, ал эми 1 саат, 15 мүнөт жыйынтыгы менен Гүлшаной Сатарова 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий