• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү чет өлкөдөн кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек 27.01.24. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү чет өлкөдөн кармалып, Кыргызсанга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдириши.

Маалыматка ылайык, ИИМ, Интерпол жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун тургуну, К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1984-жылы туулган Э.Дж. аттуу жаран буга чейин түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатып Грузиянын жараны, кылмыш дүйнөсүндө статусу бар, Кыргызстан, Россия жана Грузиянын аймагында бир нече жолу соттолгон 1973-жылы туулган С.И. аттуу жаран менен жакын болгону аныкталган.

Өткөн жылдын октябрь айында Э.Дж. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатын көздөп Кыргызстан аймагынан Түркия Республикасы тарапка чыгып кеткен.

Жаран Э.Дж.га карата ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмү ("Кылмыштуу шериктикти түзүү же ага катышуу") менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда аны камакка алуу чечими кабыл алынып, мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, Э.Дж. Түркия жана Грузиянын аймактарында чет өлкөлүк криминалдык лидерлер менен жолугууну көздөгөн, бирок ал Түркиянын укук коргоо органдарынын көмөгү менен кармалып, ушул жылы 27-январда Кыргызстанга алып келинди.

Белгилей кетчү жагдай, Э.Дж. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана маркум Ч.Жумагуловдун ("Дөө Чынгыз") жакын адамы болгон, ошондой эле криминалдык дүйнөдө макамга ээ.

Учурда Э.Дж. ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгына жеткизилип тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий