• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Райымбек Матраимов 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Райымбек Матраимов 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-октябрында бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Коррупцияга каршы кызматы тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, УКМК имаратына алынып келинген.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Р. Матраимовдун кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.

Р. Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

"Р. Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Р. Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.

УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий