• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бирөөнүн паспортун колдонуп, унааларды мыйзамсыз каттаган бажычы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бишкекте бирөөнүн паспортун колдонуп, унааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөн бажычы кармалды. Ички иштер министрлигинен окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Ведомстводон билдиришкендей, былтыр жаз айларында Бишкектин жашоочусунун атына Салык кызматынан Германия, Түштүк Корея жана Япониядан алынып келген 11 унаага 618 миң сомдон ашуун суммада салык төлөмдөрүн төлөөнү талап кылган кат келген.

Бирок, аялдын айтымында, анын унааларга эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле үй-бүлөсүндө эч ким чет өлкөдөн унаа алып келген эмес жана алектенбейт.

Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки аралыкта белгисиз адамдар К.В. аттуу жарандын паспортун колдонуп, жасалма кол коюу жолу менен Корея, Япония жана Германиядан алынып келген баасы 19 млн сомдон ашуун ар кандай үлгүдөгү 11 унаанын бажылык катоодон мыйзамсыз түрдө өткөрүшкөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү « Документтердин жасалмасын жасоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү бир адамдар кылмышты жашыруу максатында жабырлануучуга акча каражатын берүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

21-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча Ички иштер министрлигинин атайын операциясы жүргүзүлгөн. К.В. аттуу жабырлануучуга 50 миң сом берүү учурунда 41 жаштагы Г. С. аттуу жаран кармалган. Мындан тышкары, кармалган жарандан 861 миң сомдон ашык акча каражаты алынган. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул акча салыктарды жашырууга багытталган.

Кармалган жаран борбор калаанын тургуну жана түндүк бажы кызматында брокер болуп иштейт.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо иштери жүрүп жатат

Пикир

Оставить комментарий