• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери өзүн атып алган жарандын өмүрүн сактап калышты

Аймак 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кокусунан өзүн атып алган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда саат болжол менен 19:20 чамасында Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүкчөсүнө аймактык ооруканадан "Корумду" тоо тилкесинде октон жаракат алган жаран жардамга муктаж экендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, аларга уюлдук телефондон бир адам чалып, октон жарадар болгонун жана ээн жерде жалгыз калганын айтканда, аны менен телефон байланышы үзүлгөн.

Аталган билдирүү боюнча райондук милиция кызматкерлери "Айгай" белгиси менен көтөрүлүп, жардамга муктаж болгон жабырлануучуну табуу үчүн жерине уюшкан издөө топтору жөнөтүлгөн. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн күчтөрү жана медицина кызматкерлери да тартылган.

Дээрлик эки саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө Тоң РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери Акжол Самыйбек уулу менен Адилет Темирканов октон жараат алган адамды табууга жетишкен. Ал кан жоготуудан жана сууктан улам оор абалда жаткан Бөкөнбаев айылынын 45 жаштагы тургуну Мирбек Кощиев болуп чыккан. Ошондой эле окуя болгон жерден 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал да табылып алынган.

Милиция кызматкерлери биринчи медициналык жардамды көрсөтүшүп, жарадар болгон адамды үч чакырымдай жерге көтөрүп, тез жардам унаасы өтө турган жолдун бөлүгүнө чейин жеткиришкен.

Жарадардын айтымында, ал бул аймакта топоз багат, ошол күнү дагы мал карап басып баратып кардан тайгаланып кетип, өзүн оң бөйрөк тушуна атып алган, кийин ээсине келип "112" кызматына чалып, болгон окуяны кабарлагандан кийин байланыш үзүлүп калганын билдирген.

Милиция кызматкерлери жаракат алган жаранды тез жардам автоунаасына жеткирип, андан ары дарыгерлер квалификациялуу жардам көрсөтүп, райондук ооруканага жеткиришкен. Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий