• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Ак-Сай элине айылдын башкы планы тууралуу маалымат берилди

Аймак 0


Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директору Нуртазин Жетыбаев Баткенде чек-арадагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Ак-Сай айылынын эли менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун учурунда Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери менен даярдалып жаткан Ак-Сай айылынын башкы планы тууралуу маалымат берилди.

"Жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүдө жергиликтүү элдин сунуш-пикирлерин эске алуу негизги маселе болуп эсептелет. Учурда жер-жерлерде чек ара жаңжалынан жабыр тарткан, толугу менен өрттөлгөн турак үйлөрү сүрдүрүлүп, айылдагы ички көчөлөр кеңейтилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий