• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Өзбекстандын Башкы консулдугунун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.

Консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.

Пикир

Оставить комментарий