• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнур Султанбаева, Каракол шаарынын мэриясынын жана облустук саламаттыкты сактоо институттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик дарыканалар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында, Түп айылында жана Каракол шаарында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий