• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто дүйнө чемпионатында коло уткан боксчу Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0


Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Ош шаарындагы эл аралык аэропортунда 57 килограммга чейинки салмак ченинде бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Ош мэриясынан билдиришкендей, байге ээсин тосуп алууга Ош мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана мушкердин жакындары келди.

Н.Кадыров мушкерди дүйнө чемпионатында коло медалын алгандагы менен куттуктап, ага мындан аркы спорттук мелдештерде жемиштүү ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров да Мунарбек Сейитбек уулун куттуктап, алдыдагы мелдештерине спорттук ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, 1-майдан 14-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында бокс боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчу катышкан.

Кыргыз мушкери 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-майда 1/32 финалдык баскычтан старт алган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу 12-майда Өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды. Бул салмак категориясында кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий