• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында айыл өкмөттөрдү ирилештирүүдөн 113 млн сом үнөмдөлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Нарында айыл өкмөттөрдү ирилештирүүдөн 113 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу Нарын облусунун үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы жыйынтыгы чыгарылган жыйында облус башчысы Алтынбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, Нарында үстүбүздөгү жылдын 6 айында пилоттук негизде административдик-аймактык реформа толугу менен ишке ашты.

"63 айыл өкмөтү ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлдү. Бул айыл өкмөттөргө өнүгүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн сомдон каражат жана кызматтык автоунаалар берилет жана ирилештирүүдөн үнөмдөлгөн 113 млн сомду 3 жылга калтыруу жагы жогору жактан суралууда. Буюрса бул долбоор республикабыздын башка аймактарына жайылтылганы турат. Мындан сырткары, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалык үчүн акылар айыл өкмөттөрүнүн бюджетине чогултулуп, жергиликтүү маселелерди чечүүгө каражат пайда болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий