• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунун башчысы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кечээ, 17-январда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси кыргыз-кытай чек арасындагы жүк өткөрүүнүн абалын, “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын абалын сурады, ошондой эле штабдын көчмө жыйынын өткөрүп, өткөрүү бекетиндеги абалды жакшыртуу тапшырмаларын берди.

"Учурда Кытайдан Кыргызстанга күнүнө 200гө жакын автоунаа менен жүк ташылып чыгууда. Кыргыз-кытай чек арасындагы жүк өткөрүүнүн абалын жеринде көргөн ыйгарым укуктуу өкүл бул жерди дагы кеңейтип, инфратүзүмүн жакшыртууну милдеттендирди. Ушул жердеги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жылытуу пунктун 2 жуманын ичинде калыбына келтирип, пайдаланууга берүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан кийин Эргешов жүк ташыган айдоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Айдоочулар Кытайдан чыгып жаткан жүктүн көлөмү көбөйгөндүктөн бажы кызматкерлеринин санын дагы көбөйтүүнү, айдоочулар үчүн эс алуучу жай уюштуруп, даараткана салып, мобилдик байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылып берүүнү өтүнүштү.

Облус жетекчиси MEGA уюлдук операторунун подстанциясын оңдотуп берип, мобилдик байланыштын альтернативалуу жолдорун кароону милдеттендирди. 24 сааттын ичинде даараткананы оңдоп берүүнү, ошондой эле “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктундагы эски имараттарды бузуп, архитектуралык пландоо менен айдоочулар үчүн ыңгайлуу жайларды куруп берүүнү Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасына тапшырды.

"Торугарт" көзөмөл өткөрмө пунктунан айына 2 млн сомго жакын каражат Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасына түшүп тураары, бирок өткөрмө пункттун инфратүзүмүн жакшыртууга каражат жумшалбай жатканы айтылды. Эргешов бул маселени карап чыгууну Нарын облустук прокурору Алтынбек Аттокур уулуна тапшырды.

Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге буга чейин кытайлар куруп, бирок документтери бүтпөгөндүктөн эч бир баланска кирбей турган “Торугарт 2” имаратынын тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп, баланска алуу механизмин иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий