• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган аял милицияга арыз жазуудан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. “Радуга” пансионатында аялы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган видео Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук маалымат журналына катталган.

“Кабар” агенттигине облустук милициядан билдиришкендей, окуя болгон жерге жагдайды тактоо үчүн аймактык милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуяны тактоо учурунда аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан

Аталган факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясына буга чейин эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий