• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облустук милициясынын 3 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Нарын облустук ички иштер органдарынын 3 ай аралыгында жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу ыкчам-кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп, ага Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары жана тармактык кызмат жетекчилери катышты.

Алгач облус аймагында коомдук коопсуздуктун жана кылыштуулуктун алдын алууда кошкон зор салымдары үчүн Нарын ОИИБнин жетекчилиги тарабынан ИИМдин “Кадырман” жана “Кыргыз милициясына 95” медалдары тапшырылып, мөөнөтү келген кызматкерлерге атайын наамдар ыйгарылды.

Ыкчам кеңешмеде Нарын ОИИБнын 2022-жылдын 3 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалымат берилип, 3 ай аралыгында кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча да баса белгиленди.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен айрым кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын ОИИБнын начальниги Жумабеков өздүк курам арасында тартип маселеси, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ар бир ишке так жоопкерчиликтүү болууну, милициянын көчмө кабылдамасы менен тынымсыз иш алып барууну, жарандардын арыз-даттанууларды тыкыр көзөмөлгө алып, эл менен тыгыз иш алып барууну жана элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп, ар бир кылмыш кырсыктардын алдын алууда ыкчам иш-аракеттерди көрүүнү баса белгилеп, жалпы жыйынга катышкан кызматкерлерге иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий