• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде, Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, шаар тургундарын мэр Алмаз Мамбетов тиешелүү тармактардын жетекчилери менен кабыл алып, суроолорун укту. "Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерди жеринде чечүү тапшырмасы берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий