• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында изоляцияларда миңден ашуун орун даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Ош шаарындагы 18 изоляцияда 1 миң 182 орун даярдалган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мэриянын маалыматына таянсак, 28-июлга карата шаарда стационарларда 625 адам дарыланып жатат. Ал эми 570 орундук бош турат. Шаарда алты күндүзгү стационар иштеп жатат. Анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат.

Стационарлар шаардын Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде, Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанында, Алишер Навои мектебинде, Амир-Темирдеги “Дорул-Шифо” жеке клиникасында, Ак-Тилек кичи районундагы Кыргыз-Түрк достук мектебинин спорт залында жана Туран кичи шаарчасындагы медреседе жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий