• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында гүлбакча көрктөндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү гүлбакчага жашыл майсаң (газон) себилип, декоративдик көчөттөр отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан аткарылды.

"Буга чейин Спутник кичи шаарчасындагы Тарсус көчөсүнө жана Манас проспектисине жашыл майсаң себүү, көчөт тигүү иштери жүргүзүлгөн", - деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттен 8 миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң себүү, 4457 даана бак-дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий