• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Фурманов көчөсү, №5 дарегиндеги көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үй салынып жаткан жерде мердин орун басары Мурат Осмонов жооптуу кызматтардын өкүлдөрү менен менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү.

"Фурманов көчөсү, №5 дарегинде 9 кабаттуу үй курулуп жатат. Азыр имараттын фасадын бүтүрүү стадиясында турат. Бирок, унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчасы, ошондой эле тиешелүү кызматтар менен макулдашылган уруксат берүүчү долбоордук документтери жана Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок", - деп белгилешти мэриядан.

Мыйзам бузууларга карабастан, куруу иштери улантылууда, ал эми үлүштүк ээлер батирлерди кайра сатууда.

Бишкек мэриясы курулуш компаниялардын ээлерине шаардагы бардык жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий