• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форум өттү.

Ош шаардык мэриясынын билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаардын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Форумдун алкагында мамлекеттик катчы президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады.

Андан сырткары, адеп-ахлак, таалим-тарбия багытындагы бир катар жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берип, аларга кеп-кеңешин берди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан жасалган ойлоп-табуучулук, көркөм-өнөр багытындагы кол эмгектеринин көргөзмөсү тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий