• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен токой чарбасында токойчу үчүн үй курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Баткен токой чарбасында 9-февралда токойчу үчүн үй курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Аянты 61 чарчы метр болгон үй Сары-Таш токойчулугунун Алмалы участогунда токойду коргоонун эффективдүүлүгүн жана токой чарба кызматкерлеринин эмгек, жашоо шарттарын жакшыртуу максатында курулган.

Үйдө ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн: санитардык түйүн, энергияны үнөмдөөчү жылытуу система, ысык жана муздак суу менен камсыздоо.

Жалпысынан Баткен токой чарбасынын аймагына 10 млн сомдон ашык каражатка үч үй курулган.

Пикир

Оставить комментарий