• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарындык дыйкандар тоо шартында чычырканак өстүрүүнү үйрөнүштү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда чычырканак өстүрүү боюнча облустук семинар ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чаранын катышуучуларына топурак жана чычырканактын сортторун тандоо боюнча маалымат берилди.

Кийинки семинарды 26-мартта өткөрүү пландалууда, анда негизги багыттардын бири жашылча-жемиш кластерин ишке ашыруу болот.

"Жыйында КР Соода-өнөр жай палатасына мүчө болгон Казыбек айылынын фермери Бактыгулов Эрмекке сертификат тапшырылды. Бул анын айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана айыл чарба ыкмаларын жакшыртуу боюнча семинарларга катышканы үчүн бааланат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны КР Соода-өнөр жай палатасы, Ат-Башы райондук администрациясы жана "Ат-Башы дыйкандар союзу" коомдук уюму уюштурду.

Семинардын максаты — Нарындын тоолуу жана катаал климатында чычырканактарды өстүрүү, чогултуу, көбөйтүү, жыйноо, сактоо жана кайра иштетүүнүн туура ыкмаларын жергиликтүү дыйкандарга үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий