• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар — Байгазиев

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. "Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар", - деп билдирди бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 7 млрд 753 млн метр куб болсо, былтыр 8 млрд 35 млн метр кубду түзгөн.

"Керектөөнүн көптүгүнө байланыштуу жуктөмдү автоматтык чектөө системасы иштеп жатат. Бул жылы тең салмактуулуктун бузулушунан улам кечки эң көп жүктөм убагында иштейт. Ошондуктан, кээ бир аймактарда жөнгө салуу чаралары (жарык өчүрүү) мүмкүн. Март айынын нормасы суткасына 54 млн киловатт-саат болсо, биз азыртан эле нормадан ашып жатабыз. Келечекте мындай темп улана берсе, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар", — деп түшүндүрдү Байгазиев.

Ошондой эле ал төмөнкү чек болжол менен 6,5 млрд кубметрди түзөрүн кошумчалады.

Министрдин орун басары электр энергиясын суткалык керектөөнүн өсүшү абоненттердин имараттарды жылытуучу жаблуударды колдонуусунан улам болуп жатканын кошумчалады.

"Биз кыргызстандыктарды өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий