• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстан БА экономикалык жактан өз ара пайдалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жактайт

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрдын экинчи жарымында АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарын колдонуу маселеси боюнча да айтып өттү.

Жээнбеков Кыргыз Республикасы үчүн сууну пайдалануу маселелери өтө маанилүү экендигин билдирди.

“Акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөтүп жатат”, - деп билдирди президент.

“Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу региондогу бардык мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралардын системасы менен аныкталышы керек деп ишенебиз. Ошондуктан Кыргызстан Борбор Азияда бул чөйрөдө экономикалык жактан өз ара пайдалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жактайт”, - деди Жээнбеков.

Анын айтымында, кыргыз тарап кызматташтыкты жана ар тараптуу диалогду бул маселелерди чечүүнүн бирден бир жана альтернативасыз жолу катары карайт.

Бул контекстте биз ошондой эле КМШ, ШКУ, ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелердин да өзгөчө ролун жана жаңы миссиясын көргүбүз келет.

Бүгүн обочолонуу саясатын жеңип чыгуу жана кызматташтык менен өнөктөштүк векторлорун өнүктүрүү өтө орчундуу болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий