• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26.09.18 /Кабар/. 2018-жылдын 29-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылында көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маарекелик иш-чаралардын алкагында жалпы билим берүү мекемелеринде жана жогорку окуу жайларда ачык сабактарды жана класстык сааттарды, илимий-практикалык конференцияларды, спорттук ат оюндарын, «Манас» эпосун айтуучулардын арасында сынактарды, театралдаштырылган оюндарды коюу белгиленген.

Кочкор районунун Ормонхан айылында өтө турган маарекелик иш-чараларга илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышат.

Маалымдама: Көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) 1867-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде «Кабырга» деп аталган жерде туулган.

Сагымбай тогуз жашында өзбек молдосунун жетекчилиги алдында арабча билим алып, ырдаганды жана ыр жазганды үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги белгилүү манасчылардын айткандарын угуп, «Манас» эпосуна он беш жашынан тарта кызыга баштаган.

Сагымбай Орозбак уулу жаштайынан эле өзүнүн курбуларынын арасында өзгөчө акындык шыгы менен айырмаланып турган. Ал анча чоң эмес сүйүү ырларын чыгарып, аларды «кыз оюндарында» ийгиликтүү аткарып келген.

Сагымбай Орозбак уулу эл арасында «Манас» эпосунун сюжеттик толуктугу жана жогорку көркөмдүүлүгү менен айырмаланган эң көлөмдүү вариантын айтуучу катары атагы чыккан. Окумуштуу-фольклорчулар арасында анын варианты кыргыздын баатырдык эпосунун классикалык версиясы болуп саналат.

Сагымбай Орозбаковдун варианты сюжеттик жыйынтыкталган эпизоддордун тобуна бириккен бир нече сюжеттик багыттардан түзүлгөн. Бул өз ара айкалышкан циклдер деп аталат, алар тиешелүү логикалык бөлүштүрүү аркылуу Манас баатырдын эпикалык биографиясын ырааттуулук менен ачат.

«Манастын» текстин жазуу үчүн айтып берген биринчи манасчы - Сагымбай Орозбак уулу. Жазуу 1922-жылы башталып, 1926-жылы бүткөн жана 260 басма табакты түзөт. Сагымбай оорусунан улам уланта албай, эпостун экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү «Семетей» жана «Сейтекти» айтып бере албай калган.

Пикир

Оставить комментарий