• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Манас" орденинин ээси, залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына арналган “Өрнөктүү элден бата алып, Өнөргө болду аталык” аталышындагы концерттик программа өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маданий иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Кыргыз Баатырлары Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданий жана коомдук ишмерлер, залкар акындын замандаштары, жакындары, күйөрмандары катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө, эки доордун жарчысы болгон залкар акын Замирбек Үсөнбаев чындыгында өнөрдүн аталыгы экенин, анын кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги нар көтөргүстүгүн баса белгиледи.

Ал эми Алтынбек Максутов Замирбек Үсөнбаев бир нече өнөргө ээ болгон улуу талант экендигин, канчалаган таланттар залкар акындан таалим алып, өнүп-өскөнүн айтты.

Концерт атайын сахналаштырылган программа менен коштолуп, Замирбек Үсөнбаевдин жаштыгы чагылдырылды.

Кеченин жүрүшүндө Маданият министрлиги тарабынан Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата жарыяланган аткаруучулар арасында сынактын жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Кеченин жүрүшүндө Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли, Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобу, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору келген элге өнөр тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий