• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек жана Чүйдө контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК жана Финансы министрлигине караштуу Алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-ноябрында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

  • 12 миң 159 даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;
  • 4 миң 676 даана күмөндүү акциздик маркалар;
  • 474,5 литр спирт;
  • 7миңден ашык энбелгилер;
  • 889 литр (самогон) алкоголдук продукция;
  • 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий