• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош – Баткен – Исфана унаа жолун реконструкциялоодо 189 млн сом кымырылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Ош – Баткен – Исфана унаа жолун реконструкциялоодо 189 млн сом кымырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жүргүзгөн текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары Ош –Баткен - Исфана жолунун 75-108-чакырымын реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн 136 миң 220 доллар которулгандыгы аныкталган.

Бирок, министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 млн 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизген.

Натыйжада мамлекетке 189 млн 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР КЖКнын 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий