• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Ташкул Керексизов эскерилди

Маданият 0

Бишкек, 27.12.23./Кабар/. Бишкектеги коомдук ишмер, жаратман инсан, меценат, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Ташкул Керексизов эскерилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининен билдиришти.

Эскерүү кечеси күн мурун Улуттук тарых музейинде өткөн. Ага президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, маданият министри Алтынбек Максутов, Ташкул Жанызаковичтин үй-бүлөсү, жакындары жана башкалар катышты.

Министр Ташкул Керексизов кыргыз эли дүйнөгө өзүнүн улуу руху, көөнөрбөс руханий казынасы, улуттук нарк- насили менен таанылса, дүйнөдө өз ордун тапса деп кыялданып, бирок кыялданып тим болбостон кыргыз Манас эпосун, үч кыл комузун, боз үйүн, шырдагын дегеле кыргыз рухун дүйнөгө даңазалоого далалат кылганын белгиледа.

"Ал адаттан тыш ой жүгүртүүлөрү, идеялары менен “Планета мекеним, туулган жерим-Кыргызстан”, деп өзү айткандай, планетардык масштабда ой жүгүртүп, азыркы ааламдашуу заманында кыргыздын өзүнүн тамырын жоготпой, улуттук иденттүүлүгүн сактап калуусуна өбөлгө боло турган иштерди кылып кетти". - деди ал.


Маалымат үчүн: Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1981-жылы Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1972-1977-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында товаровед, 1980-1982-жылдары Панфилов райондук керек-жарак союзунун төрагасы, 1990-1992-жылдары Москва райондук керек-жарак союзунун төрагасы болуп, 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирдигин жетектеген. 1996-1998-жылдары Талас облусунун губернатору, Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын директору болгон. 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын министри-мамлекеттик мүлк фондунсунун жетекчиси болуп иштеп, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз мамлекетине кылган ак кызматы үчүн Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы "Манас" орденинин ээси болгон.

Ташкул Керексизов 2021-жылдын 7-майында 73 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий