• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурору Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары, ИИМдин “Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милиция кызматкерлери жана ИИОнун ардагерлери, Молдомуса Конгантиевдин жакын сааналаштары жана жакындары катышты.

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Белгилей кетсек, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 63 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий