• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги мектептердин соцпедагогдору үчүн онлайн-семинар өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги балдарга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу максатында мектептердин социалдык педагогдору үчүн онлайн-семинар өткөрүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, зордук-зомбулук көйгөйлөрү бүгүнкү күндө балдарга карата гана эмес, жалпы эле коомго терс таасирин тийгизе баштады. Зордук-зомбулук балдардын өмүрүнө жана физикалык ден соолугуна гана залал келтирбестен, балдардын эмоционалдык жыргалчылыгына жана келечегине да чоң коркунуч туудурууда.

"Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү республиканын мектептеринин социалдык педагогдору, мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн онлайн-семинар өткөрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Н. Жусупбекова белгилегендей, онлайн-семинар Жалпы билим берүү уюмдарында балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Онлайн-семинарда Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г. Абдылдаева, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти У. Мамбетакунов, аталган Академиянын көп тилдүү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Орусбаева жана Академиянын инклюзия лабораториясынын башкы адиси А. Аземовалар баяндама жасап, презентациялары менен тааныштырышты.

У. Мамбетакуновдун айтымында, семинарда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн актуалдуу темалар, атап айтканда, жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, мектеп окуучусун тарбиялоодогу педагогикалык ыкмалар, өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен ынтымактуу жамаатты түзүү сыяктуу актуалдуу темалар козголууда.

Семинардын катышуучулары тажрыйба алмашып, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий