• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылдын биринчи жарымында темир жол аркылуу ташуулардын туруктуу өсүшү байкалды

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Кыргызстанда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын натыйжасында улуттук компаниянын негизги экономикалык-каржылык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүштө жана стабилдүү катары мүнөздөлөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык. 2021-жылдын жарым жылдыгында КРда темир жол транспорту менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун стабилдүү өсүшү байкалууда.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик ишкана тарабынан 3 471,7 миң тонна же 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 109,0 % жүк ташылып, 287,8 миң тоннага көбөйдү (2020-жылы 6 айында - 3 183,9 миң тонна). 2021-жылдын 6 айында Кыргыз темир жолун 118 миң 742 жүргүнчү колдонгон. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46 786 жүргүнчүгө көп (2020-жылдын 6 айында - 71 миң 956 жүргүнчү).

Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү 2020-жылдын 31-декабрынан баштап республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү ташуунун жандануусуна байланыштуу болду (Бишкек-Кара-Балта-Бишкек, Бишкек-Токмок-Бишкек, Бишкек-Кайынды-Бишкек). Мындан сырткары, 2021-жылдын 18-июнунан баштап Бишкек-1 - Рыбачье багытында жүрүүдө.

«КТЖ УК» МИнын стратегиялык өнүгүү планынын алкагында аткарылган мындан аркы кадамдары Кыргызстанда темир жол ташууларынын потенциалын чыңдап, бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

150 жүк ташуучу вагон жана 3 маневрдик тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча эл аралык финансы уюмдар менен келишим жетишилип, макулдашуу процедуралары аяктоо алдында.

Мындан сырткары, эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуунун алкагында “Кыргыз темир жолу” темир жолдун жогорку бөлүгүн (рельстер, шпалдар) калыбына келтирүү жана Боом капчыгайындагы көчкүгө каршы галереяны кеңейтүү боюнча иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий