• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түз эфирде мугалимди шылдыңдаган окуучуларга тарбиялык сааттар өтүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясынын 10-класстарынын окуучуларына “Адептүүлүктүн мыйзамдары” темасында тарбиялык сааттар өтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кыялбек Акматов, министрликтин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова катышты.

Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө окуучулар топторго бөлүнүп, ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле кыргыз кинотасмаларынан үзүндүлөрдү көрүшүп, кырдаалдарды талдашып, адамдагы мыкты сапаттардын асылдыгы боюнча ойлорун айтышты.

Министрдин кеңешчиси Кыялбек Акматов окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүп туруу, ата-энелер менен тыгыз иштешүү, биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруу жемиштүү болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, №91 мектеп-гимназиянын окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видео социалдык тармактарга тараган.

Көп өтпөй билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев №91 мектепке барып, окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий