• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келечектүү участоктордун тизмеси

Өкмөт 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүүнү жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу максатында Энергетика министрлиги чакан гидроэлектростанцияларды куруу үчүн келечектүү участоктордун тизмесин даярдады.

“Биздин өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган потенциалдуу инвесторлор келечектүү объекттердин тизмеси менен таанышып, тиешелүү ведомстволордон керектүү кеңештерди ала алышат. Министрлер Кабинети ачыктык жана айкындык саясатын, инвесторлор жана жарыяланган инвестициялык долбоорлор менен кызматташуунун парадигмасын өзгөртүүнү жактайт. Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн инвестициялык сунуштарга ачыкпыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Тизмеге 88 участок боюнча маалыматтар, алардын координаттары, гидроэнергетикалык мүнөздөмөлөрү киргизилген. Кеңештер үчүн байланыш телефону: 0557157000, email: greenfundkg@gmail.com.

Тиркемеге участоктордун тизмесин кошобуз.

список створов.xlsx

Пикир

Оставить комментарий