• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинги жоюлат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.22./Кабар/. «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий