• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фонду түзүлүшү мүмкүн

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фондун түзүү маселесин карап жатат.

Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, жетим балдар, жатак мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу маселеси турат.

Балдардын укугу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Конвенциясын жана Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо менен, биздин республика балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бардык укуктарын, анын ичинен турак жайга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу милдетин алган.

Алдын ала эсеп боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн, мамлекеттик бюджеттен кошумча 20,0 млрд сом табуу керек.

Республикада ата-энесинен кароосуз калган бир нече миңге жакын бала жана өспүрүм бар, алардын бир бөлүгү тоголок жетим. Бул балдардын көпчүлүгү окуусун бүткөндөн кийин дээрлик жашай турган жери жок калат. Мыйзам боюнча жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу укугун пайдаланат.

Муниципалдык бийлик тарабынан тийиштүү соттук чечимдердин алкагындагы келишимдердин негизинде берилген турак жайлар карамагына кире турган адистештирилген турак жай фондун түзүү аркылуу, калктын социалдык аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу маселеси чечилеКыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мамлекеттик адистештирилген турак жай фондуна турак жайларды берүү боюнча жобонун долбоору даярдалды.

Жобого ылайык турак жайларды адистештирилген турак жай фондуна өткөрүп берүүнүн мехнанизми каралган. Анда жарандарга турак жайды берүү боюнча каттоо жана өткөрүп берүү тартиби, аны колдонуунун шарттары, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти каралган.

Жобонун долбооруна ылайык турак жайды өткөрүп берүү маселесин ыйгарым укуктуу органга караштуу Комиссия чечет. Негизги максат: турак жайды бөлүштүрүү жана колдонууга берүүдө каттоо эрежелерин сактоо. Комиссиянын иши туруктуу негизде жүзөгө ашырылат, ал райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери макулдашуу боюнча түзүлөт.

Турак жайлар соттун айыптоо боюнча чечиминин негизинде конфискацияланган мүлк мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык каржы институттар жана башка уюмдар тарабынан берилген мүлктөрдүн эсебинен бөлүнөт.

Учурда жогоруда айтылган Жобонун долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө, ошондой эле коомдук талкууга чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий