• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Мамлекеттин өнүгүү көрсөткүчтөрү статистикалык маалыматтардын тактыгынан көз каранды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2022-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2023-жылга коюлган пландарын талкуулаган коллегиясынын жыйынына катышты.

“Мамлекеттин кайсыл тармагы, кайсыл аймакта кандай өнүгүп жатканы же болбосо өнүкпөй жатканы тууралуу статистикалык маалыматтардан улам билебиз. Ошол себептүү, ар бир тармак боюнча терең анализ жүргүзүлүп Министрлер Кабинетине так маалыматтар берилип туруусу зарыл. Статистикалык көрсөткүчтөрдө импорт азайып кеткенин көрүп жатабыз, андыктан импорт жана экспорттун көлөмүн дагы бир ирет анализдеңиздер”, - деди Бакыт Төрөбаев.

2022-жылы Улуттук статистика комитети тарабынан 26 миңден ашуун статистикалык иштер аткарылган. Комитеттин өткөн жылдагы эң маанилүү иштеринин бири республиканын аймагында заманбап технологияларды колдонуу менен калкты жана турак жай фондун каттоону өткөрүү болду. Быйылкы жылга коюлган маанилүү милдеттердин бири катары Кыргызстан калкын жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын жайылтуу турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук статистика комитетин баардык мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып барууга чакырды. Ошону менен катар, ай сайын ички дүң продукциянын өсүшү, курулуш тармагы, өндүрүш жана айыл чарба тармактары боюнча анализ жүргүзүп анын жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий