• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмеси бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмеси бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү жана экспорттук контролдоонун кыйла натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын “Экспорттук контроль жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынышы менен, Кыргыз Республикасынын улуттук экспорттук контролдоо системасынын мыйзамдык базасы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий