• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы Өкмөт 4 ирригациялык объектини ишке киргизет

Өкмөт 0


Бишкек, 24-май /Кабар/. 2017-жылы Өкмөт 4 ирригациялык объектини ишке киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда, Айыл чарба тамаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, «Өлкөдөгү ииригациялык системаларды модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу» боюнча маалымат жыйынында билдирди.

«Калктын санынын көбөйүшү менен Өкмөт жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул жылы 11 ирригациялык объектти каржылоо пландалууда, жалпы суммасы 32 млн АКШ доллары турган 6 объектти Кытай Эл Республикасынан келген гранттын эсебинен, 1 ирригациялык объект Ислам Өнүктүрүү Банкынын эсебинен ишке берилет. Калган объекттилер мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен бүткөрүлөт», – деди Көкүмбек Таштаналиев.

"Тактап айтканда бул Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Каракыштак-Боз каналынын курулушу, ага суу Исфайрам-Сай дарыясынан келет. Объекттин жалпы наркы 390 млн сомду түзөт. 560 гектар сугат жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жер суу менен камсыз болот. Долбоордун ишке кириши менен жергиликтүү тургундардын 2200 ашыгы жер иштетип, жумуш менен камсыз болушат", - деп айтылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Экинчи ирригациялык объект бул – Ысык-Көл облусунун «Кара-Ой» айыл башкармалыгындагы жерди өздөштүрүү. Долбоордун жалпы суммасы 80 млн сом, 330 жаңы сугат жерлер ишке кирип, бассейндеги суунун көлөмү 470 миң куб метрге жетет. Жаңы жерлерди ишке киргизүүдө 1000 жаран жумуш менен камсыз болот.

Үчүнчү объект бул – Нарын облусундагы Жумгал районунун Баш-Кууганды дарыясынан алынган суулар аркылуу кайрак жердерди сугат аянттарына айлантуу. Аталган долбоор республикалык бюджеттин эсебинет каржыланат. Жалпы суммасы 60 млн сомду түзүп, 200 гектар жаңы жер ишке кирип, 700 гектар жерди суу менен камсыздоо деңгээли мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анда 1000 адам жер менен иштей турганы пландалууда.

Төртүнчү ирригациялык объект — Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айыл аймагындагы Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын ишке берүү. Каналдарга суу Узун-Айрыс дарыясы аркылуу келет. Долбоор ишке ашса, 560 гектардан ашык аянт сугат суу менен камсыз болот. Жалпы суммасы 50 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Каналды ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Төрт суу чарба объектисин ишке киргизүү менен, 1090 гектар жер сугат суу менен камсыздалып, 1960 гектар жердин суу менен камсыз болуу мүмкүндүгү жогорулап, 4200 жаран жумуш менен камсыз болушат.

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 2016-2026-жылдар аралыгында 45 ирригациялык объектини ишке киргизүү тууралуу сунуш берилген. Долбоорлордун жалпы наркы 58 млрд сом, 65 миң гектар жер сугат аянтына айланып, 51 миң гектар жердин суу менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Аны менен бирге 9,5 миң гектар жер насостук станциядан өз алдынча суугаруу системасына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий