• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Бюджетти аткаруу экономикалык кырдаалды терең талдоону эске алуу менен ишке ашырылат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бюджетти аткаруу өлкөдөгү экономикалык кырдаалды терең талдоону эске алуу менен ишке ашырылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«Кемчиликтерди четтетүү максатында 2019-жылдын бюджетин аткаруу үчүн атайын Өкмөттүн токтому менен Иш план бекитилген. Ага ылайык, ар бир мамлекеттик органдын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошентип, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жыл 4,8 млрд сом калдык менен жыйынтыкталды, ал эми быйыл бул сумма 8,3 млрд сомго жетет, 2020-жылы 10 млрд сом жакын чыгарабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу үчүн так максаттарды белгилегенин билдирди.

«2020-жылы ИДПнын жан башына каржылоосун 100,5 миң сомго жеткирүүгө ниеттенип жатабыз, ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 120 миң сомго жетүүгө тийиш. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын жан башына каржылоосу 92 миң сомдун тегерегин түздү», - деп белгиледи Абылгазиев.

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 2023-жылы 41,5%га барат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 38,2%ды түздү.

Муну менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында бекитилген долбоорлорду жүзөгө ашыруу иштерин Өкмөт активдүү жүргүзүп жатканын баса көрсөттү.

«Жалпысынан 16 млрд долларга жакын суммага 103 долбоор бекитилди. Бул транспорт жана коммуникация, энергетика, кен иштетүү тармагы, өнөр жай, таза суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү долбоорлор. Мунун бардыгы экономиканы өнүктүрүү үчүн коюлган максаттарга жетүүдө жаман эмес жыйынтык берет. Өкмөт эч нерсеге карабастан бул багыттагы иштерди улантат», - деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий