• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев 2017-жылы ишке ашырылбай калган долбоорлорду белгилеп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштери тууралуу отчетун сунуштады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Текстиль-тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү текстилдик жана тигүү өндүрүш технополисинин курулушу үчүн жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча милдеттерди өзүнө алган. Бирок “Легпром” ассоциациясы 2017-жылы өздөрүнүн милдеттерин аткарган жок. Тагыраак айтканда, курулуш бүгүнкү күнгө чейин башталбай турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында саламаттык сактоо тармагында төрт долбоор ишин баштоосу керектигин маалымдады.

«Анткени менен ТЭН иштеп чыгууга тендер жарыялоону узартуу тендери создуктурулуп кетти. Ошону менен бирге гранттык негизде кыргыз-түрк достугунун Бишкек шаардык ооруканасынын курулушу 2018-жылдын 31-августуна чейин жылдырылды», - деп белгиледи ал.

Жаңы жолдордун курулуш сапаты тууралуу айткан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, алардын көпчүлүгү боюнча маселелер тендерлерди өткөрүүдөгү коррупциялык схемаларга байланыштуу экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий