• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров күйүүчү майдын баасын кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. КР Президентинин администрациясынын жетекчиси - министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.

Анын айтымында, учурда мындай тенденция Кыргызстанда гана байкалып жаткан жок, бирок жакында бул маселени чечүү пландаштырылууда.

“Министрлер кабинети тарабынан бааларды кармап туруу боюнча төмөнкү чаралар көрүлүүдө: акциздик салыктын ставкасын убактылуу төмөндөтүү, дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү кошумча нарк салыгынан бошотуу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү”, - деди ал.

Жапаров ошондой эле Россиянын мунай иштетүүчү эки заводунун пландуу ремонттон өтүп жатышы кырдаалды курчутуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий