• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге терактка байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү.

"Крокус сити холлдо" көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандын министрлер кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий