• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвадагы теракттын кесепетинен каза болгондордун саны 60тан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Москва шаарынын четиндеги “Крокус сити холл” концерттик залында орун алган теракттын кесепетинен каза болгондордун саны 60тан ашты. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети билдиргенин, ТАСС маалымдайт.

"Алдын ала аныкталгандай, теракттын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болду. Террордук актынын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн”, - деп белгилешти ведомстводон.

Ведомстводон кошумчалашкандай, окуя болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү, криминалисттери жана эксперттери ИИМ жана ФСБ кызматкерлери менен биргеликте тергөө амалдарын улантып жатат.

“Окуя болгон жерден буюм далилдери, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарылар алынды, бардык тиешелүү экспертизалар, анын ичинен генетикалык, баллистикалык жана манжа изинин экспертизалары дайындалып, жүргүзүлүүдө», - деп билдирди Россиянын Тергөө комитети.

Мындан тышкары, тергөөчүлөр видеокөзөмөл камераларынан видеолорду алып, изилдеп жатышат.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий