• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте суу каптаган турак үйлөр тазаланып, Маңка-Жар сел тосмосундагы суу сордурулду

Коом 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Бишкекте суу каптаган турак үйлөр тазаланып, Маңка-Жар сел тосмосундагы суу сордурулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 21-22-март күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Манка-Жар коктусундагы сел тосмо толуп, суу ашып Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндө 7, Кара-Кужур көчөсүндө 14, Жайыл баатыр көчөсүндө 8, Шербет көчөсүндө 11 турак үйдүн короолорун каптап, Бердибаев көчөсүндө 1 турак үйдүн ичине сел суусу кирген.

Сел суусу жалпы 41 турак үйдүн короосун каптаган. Суу агып өтүүчү каналдарга таштандылар топтолуп калгандыктан да суу арыктын нугунан ашып, турак үйлөрдүн короо жайын каптаган

Селдин кесепетин жоюуга ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан жана Куткаруу кызматынан 11 кызматкер суу сордуруучу 2 мотопомпа менен, Ленин райондук муниципалдык администрациясынан 5 кызматкер, Батыш РЭТтен 1 бригада, Бишкек жашылдандыруу ишканасынан 2 атайын техника (1 экскаватор, 1 продувочная машина) тартылган.

Саат 17:10до ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматы тарабынан Маңка-Жар сел тосмосундагы суу толугу менен сордурулуп бүткөрүлдү.

Мындан сырткары, Арча-Бешик конушундагы 2 турак үйдүн короосуна кирген суу мотопомпанын жардамында сордурулуп, иш аяктады.

Калган 39 үйдүн огородуна кирген суулар жерге сиңип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий